Медициналык авиация ар кандай кырдаалдарда зарыл болот. Өзгөчө алар катуу оорулуу адамды алыскы аралыкка ташуу талап кылынганда актуалдуу.  Жердеги саякатты ал көтөрө албайт, бул учурда учак аны керектүү орунга бир нече сааттын ичинде жеткирет.

Бул учурлардын бирөөсү гана. Лондондогу  же кандайдыр бир башка шаарда медициналык авиация, чет өлкөдө төрөгөндү чечкен кеч мөөнөттөгү кош бойлуу аялдар үчүн, жаңы төрөлгөн ымыркайлуу энелер үчүн, реабилитацация же жөн эле эс алууга бара жаткан кары адамдар же майыптар үчүн керек болуп калышы мүмкүн. Кырсык зонасынан жана көптөгөн башка жагдайларда жабырлануучуларды алып кетүү талап кылынганда, ал куткаруучу операциялары үчүн алмаштырылгыс нерсе. Кээде өтө коркунучтуу кырдаалдар болот, жана башка шаарга адамды эмес, анын телосун ташуу талап кылынып калат.Медицинская авиация в Лондоне

Адаттагы авиакомпаниялар кеч мөөнөтөгү кош бойлууларды, ал эми – гробдорду андан бетер ташышпайт. Бул жагдайлардын бардыгында жеке учак,  өзгөчө атайын жабдылган, санитарлардын жана дарыгерлерден турган медициналык бригаданын коштоосу  талап кылынат. Ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү  AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы каалаган убакта камсыз кылганга даяр.

 

Медициналык аба унаалары

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы Европадагы медициналык ташуулардын лидери болуп саналат. Биздин башкаруубузда түздөн-түз оорулууларды ташуу үчүн багытталган санитардык учактардын чкөп саны бар. Алардын төмөнкүлөрү:

Медицинская авиация в Лондоне– замбилдер бата турган кеңири кириштери,

– бейтапты кыймылсыз абалда, эгерде ал талап кылынса бекитип койгонго, медициналык керебети,

-адамдын жашоосун сактоого мүмкүндүк берүүчү атайын жабдуу,

– биринчи жардам көрсөтүү үчүн баардыгы бар.

Мындай бардык каттамды сөзсүз керектүү профилдеги дарыгер, медайым жана санитар коштойт. Оорулуунун туугандары же башка коштогон адамдары үчүн орундар бар. Негизинен, ушундай аба унаалары абада опреация жасоого да мүмкүндүк берет. Бирок бул, албетте, колдонбай  турган акыркы чара.

 

Албетте, атайын медициналык унаа бардык эле жагдайларда зарыл болбойт. Мисалы, эгерде кары адамдардын тобу саякатка же сыйынууга  учуп жатса, же ийгиликтүү төрөгөндөн кийин балалуу аял өзүнүн өлкөсүнө  кайтып жатса, анда адаттагы учак жана бир дарыгердин же жардамчысынын коштоосу талап кылынат. Адамдар саякат жасай алышат жана аны каалап жатса, бирок аларды адаттагы каттамдарга киргизбегени өтө өкүнүчтүү.

 

AVIAV TM (Cofrance SARL) эмнеси менен жардам берет

 

Лондондогу санитардык авиация жеткиликтүү жана талап кылынуучу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Оорулууну башка шаарда же ал тургай өлкөдөгү  клиникага жеткирүү талап кылынары сейрек эмес. AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө:

  • керектүү форматта учак сунуштоого,Медицинская авиация в Лондоне
  • аэропортко чейин трансфер жана андан атайын медициналык машина менен камсыз кылууга,
  • керектүү багыттагы дарыгердин, медайымдын жана санитардын коштоосун камсыз кылууга,
  • бардык саякатчылар үчүн визаларды жана камсыздандырууну тариздөөгө жардам берүүгө,
  • эң жакшы европалык клиника менен келишим түзүүдө жардам берүүгө,
  • бардыгы үчүн, коштоочу адамдардын кошо жайлуу учуусуна кам көрүүгө даяр.

 

Шашылыш кырдаалда табыштаманы тариздегенден үч сааттан кийин эле учууга мүмкүн болот. Бул убакта сиз өзүнүздүн  да жана оорулуунун да  буюмдарын чогултууга жетишсеңиз болот. Бирок бул учурда, албетте, шашпастан учакты мурдараак буйрутма берген жакшы. Анда биз сизге унаанын оптималдуу вариантын эң пайдалуу баада табууга жана бардык ньюанстарды эске алуу менен жакшы даярданга жардам беребиз.